• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте КР менен Кот д'Ивуардын ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 18-март /Кабар/. Кечээ, 17-мартта КР Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Кудайберди Кожобеков менен резиденциясы Москвада жайгашкан Кот д'Ивуар республикасынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бернар Тано-Бучуенин жолугушуусу болду.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Кот д'Ивуардын Россия Федерациясындагы элчисинин биринчи кеңешчиси Ахусси Куха Северин дагы катышты.

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашып, эки өлкөнүн билим берүү системасы тууралуу маалымат алмашышты.

Эскерте кетсек, Кот д'Ивуар республикасы – Батыш Африкада жайгашкан мамлекет. КР менен Кот д'Ивуар республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2015-жылы 26-сентябрда түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий