• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев терроризмге каршы күрөшүү боюнча иштин милдеттеринин манилүүлүгүн белгиледи

Саясат 0

Душанбе, 12.10.18. /Кабар/. КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев терроризмге каршы күрөшүү боюнча иштин милдеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тууралуу ал Душанбедеги Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кеңейтилген отурумунун жүрүшүндө билдирди.

Ал дүйнөдө терроризм жана экстремизмдин мурда болуп көрбөгөндөй өсүшүндө аталган багытта тыгыз кызматташууга басым жасоо керектигин айтты.

“Бүгүнкү иш-чаранын күн тартиби актуалдуу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча таасирдүү чечимдерди кабыл алууну талап кылат. ШКУга мүчө мамлекетттердин өз ара аракетин өнүктүрүү максатында соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, долбоордук жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү маанилүү деп ойлойбуз”, - деди премьер-министр.

Ал аталган багыттар ШКУнун 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын максаттарына жана милдеттерине ылайык перспективага биргелешкен ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий