• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Айдарбеков Америкада жашаган кыргызстандыктар менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков күн мурун Америка Кошмо Штаттарында жашаган кыргызстандыктар менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр мекендештерге чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча өлкө жетекчилиги, өкмөт, ТИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалар тууралуу маалымдаган.

“Пикир алышуу болду жана жарандарды кызыктырган маселелер талкууланды. Атап айтканда, кош жарандуулук, АКШга кирүүчү КР жарандарына виза талаптарын жеңилдетүү, АКШда билим алуу жана жумушка орношуу маселелери көтөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу сый-тамак жана КР ТИМдин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий