• 88.68
  • 95
  • 0.95

26 жылдан бери соттошуп келет — акыйкатчы үй-жайсыз калган караколдук тургундун укуктарын камсыздоого чакырды

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды Каракол шаарынын тургуну Сурия Матниязованын бузулган укуктарын камсыздоого чакырат.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, 1997-жылы Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттин муктаждыгына деп анын жер тилкесин турак үйү менен муниципалдык менчиктин карамагына алган. Анын ордуна мэрия ага батир берген. Бирок кийинчерээк менчиктештирүүнү негиз кылып, аталган батирди талашкан башка адамдар пайда болгон.

Аял 26 жылдан бери соттошуп келет. 2008-жылы сот Матниязованы бул батирден чыгаруу чечимин чыгарып, бирок мэрияны Каракол шаарынан аны турак-жай менен камсыз кылууну милдеттендирген.

Ага карабастан, ушул кезге чейин соттун чечими аткарылбай келет. 2020-жылы 3-мартта Каракол шаарынын прокуратурасы укук бузууларды жоюу тууралуу сунуш чыгарган.

Бирок, Матниязованын айтымында, 1997-жылы мэрия алган жер тилкеси менен үйүнүн ордуна башка турак-жай ала албай келет.

Анын айтымында, ал Каракол мэриясынын имаратында баш калкалоого мажбур.

Матниязова акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабылдамасында бир нече жолу болуп, институттун кызматкерлери анын соттук отурумдарына мониторинг жүргүзүп келишет.

2023-жылдын ноябрь айында акыйкатчы Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуу учурунда, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүн Матниязованын укуктарын камсыздоого чакырган.

Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл, абалды өз көзөмөлүнө аларын айткан.

Ошентсе да, мэрия соттун чечимин аткарбагандыгын жана ал дагы деле турак-жай ала электигин айтып, Матниязова мартта омбудсмендин жеке кабылдамасына кайрадан келген.

“Ысык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашып кетип, жаңысынын кабылдамасына кире албай жатам", - деп арызданды.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды соттун чечимин жана прокурордун сунушун аткарууга, ошондой эле, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий