• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто тогуз айда жергиликтүү бюджетке түшүүчү салык 15,6 млн сомго көп чогултулган

Аймак 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Ошто тогуз айда жергиликтүү бюджетке түшүүчү салык 15,6 млн сомго көп чогултулган. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйынында маалым болду.

Коллегиялык жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары жана мектеп директорлору катышты.

Жыйында Ош шаарынын 2019-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, КРнын Президентинин “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун жүрүшү жана 2019-жылдын IV кварталына карата милдеттер жөнүндө маселелер каралды. Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыктары жана 2019-жылдын төртүнчү кварталына карата милдеттер жөнүндө шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев маалымат берди.

“2019-жылдын 9 айында Ош шаарынын экономикалык көрсөткүчтөрү тармактар боюнча өсүү темпи менен жыйынтыкталды. 9 ай ичинде 3 млрд. 242,4 млн. сомдук өнөр жай продукция өндүрүлүп, 2018-жылдын ушул мезгилине карата физикалык көлөмдүн индекси 101,5 пайызды түздү. Айыл чарбасынын продукцияларынын дүң жыйымынын көлөмү 859,4 млн. сом. Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 4 млрд. 111,8 млн. сомду түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 14,6 пайызга, же 561,4 млн. сомго көбөйдү. Негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 0,3 пайызга көбөйүп 2 млрд. 936 млн. сомду(2018-ж 2 млрд. 900,0 млн. сом) түздү. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө (трансферттерди жана атайын каражаттарды кошпогондо) 2 млрд. 143 млн. 830 миң сомдук план жеткирилсе, 2 млрд. 211 млн. 798 миң сом жыйналып (2018-ж.2 млрд. 51 млн. 293 миң сом) 103,2 пайызга, же 67 млн. 968 миң сомго көп жыйналган. Ал эми 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 7,8 пайызга, же 160 млн. 505 миң сомго көбөйгөн. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө (трансферттерди жана атайын каражаттарды кошпогондо) жеткирилген план 821 млн. 313 миң сомду түзүп, 836 млн. 919 миң сом жыйналды. (2018-ж. 674 млн. 516 миң сом) Тагыраагы 15 млн. 605 миң сомго көп чогултулган. Ал эми 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 24,1 пайызга, же 162 млн. 400 миң сомго көбөйгөн. Жогоруда белгилеп кеткен негизги көрсөткүчтөрдөн башкалары да отчеттук мезгилде өсүү темпи менен жыйынтыкталды ”, - деп билдирди С.Турдуев.

Жыйында мэрия тарабынан атайын комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилип, борбордук базарда, автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберди” базарында көпчүлүк соодагерлер салык патентин албагандыгы айтылды.

Шаар мэри Т. Сарыбашов көмүскө салыктарда ачууда иш солгун жүрүп жатканын айтып, шаардык салык кызматынын башчысына салык топтоого өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.

Шаар башчысы муниципалдык менчик башкармалыгы, архитектура, капиталдык курулуш башкармалыгы, билим берүү башкармалыгы жана салык кызматтарынын маалыматтарын угуп, сунуштарын айтты.

Билим берүү башкармалыгынын башчысы А. Асанов билим сапатын жакшыртуу максатында мектеп директорлору менен бала бакчалардын башчылары ротация жолу менен алмаштырылып жаткандыгын маалымдады.

Мугалимдердин август кеңешмесинде шаар мэри бир мектепти 10 жылдан ашуун башкарып жаткандар бар экендигин айтып, мыкты директорлорду ротация жолу менен алмаштырып иштетүүгө жана ишин жакшы аткарбаган директорлорду жумуштан бошотуу сунушун айткан эле.

Пикир

Оставить комментарий