• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча чемпионатта жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 31.10.19 /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча чемпионатта алтын медаль утту (U-23).

Турнир Будапешт шаарында (Венгрия) өтүүдө.

Эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков 61 килограмм салмакта күч сынашкан.

Финалдык беттеште Жолдошбеков индиялык спортчу Равиндер Равиндерди жеңген.

Эске сала кетсек, мурдараак кыргызстандык спортчу Селехаттин Сертти (Түркия), Валентин Блиасецкийди (Украина), Даулет Тажибайды (Казакстан), Рютаро Хаямону (Япония) жеңген.

Пикир

Оставить комментарий