• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кыргызиндустриянын" президенти Ош облусунда жайгашкан ишканалардын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. "Кыргызиндустрия" ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты: "Жемишкампа" ААКсы, "Кыргызтообалык" жаңы балык чарбасы жана минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу. Бул тууралуу "Кыргызиндустриядан" кабарлашты.

Коомдун президенти өкмөт, анын ичинде "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому тарабынан чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп, Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге министрлер кабинетинин токтомунун негизинде “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген "Кыргызлифт-Ош" ЖЧКсынын жана “Кара-Кулжа автотранс” ААКнун автобекетинин учурдагы абалын көрүп чыгып, андагы соода кылган ишкерлер менен жолукту.

Иш сапардын жыйынтыгында Жарасул Абдураимов мекеме-ишканалардын жетекчилерине сапаттуу, экологиялык жактан таза продукция өндүрүү жаатында иштерди жакшыртуу, өндүрүшкө жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жана аталган ишканаларда жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди жакшыртууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий