• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто "Тез жардам" кызматы электрондук башкаруу тутумуна кошулду

Аймак 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-июлда Ош шаарында “Тез жардам” кызматынын ишмердүүлүгүн жана ыкчамдуулугун жакшыртуу максатында байланыштарды санариптештирүүнүн натыйжалуулугу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага мэриянын кызматкерлери, Ош шаардык медициналык мекеме-ишканаларынын жетекчилери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында электрондук башкаруу тутуму диспетчерлердин, тез жардам кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, ишин бир топ жакшыртаары белгиленди.

Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров мэриянын демилгеси менен тез жардам мекемесинин техникалык абалы текшерилип, электрондук башкаруу тутумуна кошуу зарылчылыгы келип чыкканын, бул багытта GIZ (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) эл аралык уюму тарабынан техникалык колдоо көрсөтүлгөнүн билдирди.

Натыйжада ар бир медицина тармагынын адисине керектүү компьютер, коммутациялык жабдуулар жана байланыш каражаттары сатылып алынып, аларды колдонуу боюнча окутуулар жүргүзүлгөн.

Ошондой эле мекеменин энергетикалык тармагынын коопсуздугун камсыздоо, кубаттуулугун күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп, шаардын үч кичи районунда калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Керме-Тоо", "Манас-Ата", "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыктарында ыкчам жардам көрсөтүүчү медициналык бөлүмдөр ачылганы тууралуу маалымдалды.

Жыйындын соңунда Ош шаарынын медициналык кызматкерлери иштөө шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыктарын билдиришти.

Бүгүнкү күндө аталган заманбап электрондук башкаруу тутуму саламаттыкты сактоо мекемелеринде толугу менен ишке киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий