• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Оштогу стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Стадион 1961-жылы курулуп, 62 жыл ичинде жарым-жартылай гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бир дагы жолу толук оңдолгон эмес. Объектти капиталдык реконструкциялоо биринчи жолу жүргүзүлүп жатат жана ал 2023-жылдын май айында башталган.

Президент Садыр Жапаров кошумча каражат бөлүп, жакын арада стадионду толук реконструкциялап, бүтүрүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы спорт объектисин модернизациялоо боюнча иш-чаралар улантылышы керектигин, келечекте жабык конструкция долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле стадион заманбап көп функционалдуу спорт комплексинин талаптарына шайкеш келиши үчүн чуркоо жолдорунун абалын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын стадионунда эл аралык футбол оюндары жана шаардыктар үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында ыңгайлуу шарттарды жакшыртуу үчүн стадиондо 11 миң орундук жаңыланып, Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык, футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар жана душ бөлмөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий