• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Жапаров менен Путин Кыргызстандагы үч мектептин курулушуна старт берет

Президент 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда, президент Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда биргелешкен курулуш долбоорлорунун башталышын символдоштурган алгачкы үч кыргыз-орус мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салуу салтанаттуу аземине видеокөпүрө форматында катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш иштери долбоорлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат.

"Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин курулуп бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат", - деди президенттин басма сөз катчысы.

Пикир

Оставить комментарий