• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Нарын, Талас облустарында кичиавтобустардын техникалык абалы текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Нарын жана Талас облусунун аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган кичиавтобустардын жалпы техникалык абалы текшерилип, аныкталган кемчиликтерге тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда айдоочулардын коопсуздук эрежелерин сактоолору, каттамга чыгуу учурунда тийиштүү медициналык кызматкерлерден текшерилүүсү, каттамга чыгуу жана эс алуу эрежелерин сактоолору, жүргүнчүлөрдү көрсөтүлгөн авто бекеттерде гана салуулары жана санитардык талаптардын толук сакталышына көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий