• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таш-Көмүр Жалпы дарыгерлик практика борборунда мамлекеттик дарыкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 06.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр Жалпы дарыгерлик практика борборунда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ачылыш аземи бүгүн, 6-январда өтүп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Талант Мырзабеков катышты.

Дарыканада маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Мамлекеттик аптекаларды ачуунун негизги максаты - калктын жеткиликтүү дары менен камсыздоо маселелерин чечүү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда 2023-жылы Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында, Базар-Коргон, Ноокен, Кочкор-Ата жана Токтогул шаарларындагы Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ачылган.

Пикир

Оставить комментарий