• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы Нарын облусуна 2 млрд сомдук түз инвестиция тартылган

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Нарын облусуна 2 млрд сомдук (22 млн 600 миң АКШ доллары) түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, жыйын ушул тапта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Нарын облусунун башчысы түз инвестициялардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 168 эсеге көп болгондугун айтты.

"Ал эми долбоорлорду жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ишке ашырууга 3 млрд 694 млн 923,6 миң сомдук жумуштар жасалды. Анын ичинен эл аралык уюмдан 781 млн сом, ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан 2 мрлд 815 млн 718,8 миң сом, жергиликтүү фонддордон 70 млн 902 миң сом", - деди ал.

Облус жетекчиси Нарын шаарына “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан 9 кабаттуу ипотекалык үйдун курулушу пландалып, 2024-жылдын жаз айларында курулуш иштери башталарын кошумчалады.

"Чакан жана орто бизнести колдоо максатында жалпы 157 ишкерге 97 млн 564 миң сомго пайызсыз насыялар берилди", - деди өз сөзүндө Алтынбек Эргешов.

Пикир

Оставить комментарий