• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров ирригациялык тармакты жакшыртуу боюнча пландуу иш жүргүзүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевге ирригациялык тармакты жакшыртуу боюнча пландуу иш жүргүзүүнү тапшырды.

“Канал салуу, каналдарды жаңыртуу, цементтеп бекемдөө сыяктуу туруктуу, узак мөөнөткө кызмат кылуучу иштерге көбүрөөк көңүл бурулсун”, - деди.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, тазалоо иштерине жергиликтүү элди тартуу иштери колго алынсын.

Пикир

Оставить комментарий