• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүлүктү шаарында жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Аймак 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Сүлүктү шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чара КР президентинин "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү" жана "Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарынын ишке ашыруунун алкагында көрүлүүдө.

Эске салсак буга чейин аталган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий