• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунун башчысы өрт чыккан Баяман баатыр базарына барды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан өрт чыккан Баяман баатыр базарына барды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысы кырсыктын кесепетин жеринен барып көрүп, соодагерлер менен жолукту.

Базарга облустук бардык тийиштүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чакырып, иликтөө иштерин жүргүзүү менен базарды тартипке келтирүү боюнча жеринде тапшырма койду.

Ыйгарым укуктуу өкүл базардагы өрт боюнча жумушчу топ түзүп, биринчи орун басары Маруфхан Тулаевди жумушчу топтун төрагасы деп дайындады.

Облус башчысы жолугушуу учурунда бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Алар;

  • Өрттүн чыгуу себептерин аныктоо, иликтөө иштерин тездетүү
  • Базардын өрт болгон бөлүгүн тазалоо
  • Тийиштүү мамлекеттик органдар менен базар жетекчилиги, соодагерлер биргеликте калыбына келтирүү иштерин аткаруу
  • Соодагерлерге жана элдерге жетиштүү шарт түзүү
  • Мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана иретке келтирүү
  • Базардын жолун иретсиз коюлган унаалардан тазалоо, унаа тыгындарын азайтуу, унаа коюучу жайды иштетүү
  • Соодагерлерге жана элдерге жетиштүү шарт түзүү
  • Коопсуздук эрежелерин сактоо
  • Соодагерлер ар тараптуу колдоо көрсөтүү.

Белгилей кетсек, базардан чыккан өрттүн жалпы аянты 2 миң 380 чарчы метрди түздү. Тактап айтканда, беш ашкана, 19 контейнер, үч дүкөн күйүп кеткен.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий