• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Суудагы Отуз-Адыр каналын оңдоп-түзөө иштери аяктап, суу берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.04.24./Кабар/. Кара-Суу районунда Отуз-Адыр каналын оңдоп-түзөө иштери аяктап, суу берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкулү Элчибек Жантаев жумушчу сапары менен Кара-Суу районунда болуп, аталган каналдын чаап-тазалоо жумуштары, чугун плиталарын жана темир щиттерин алмаштыруу, бетондоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Облус жетекчиси жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, суу чарба адистеринин жана дыйкандардын катышуусунда аймакты көрүп чыгып, быйылкы жылдагы сугат иштеринин жүрүшүн талкуулады.

Ал кетирилген каталарды кайталабоо үчүн бири-бири менен тыгыз кызматташууга чакырып, сууну натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн биргелешип иш алып баруу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле кошумча көзөмөл жүргүзүү үчүн видеокөзөмөл камераларын орнотуу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, бул канал 1941-жылы башталып, 1948-1956- жылдары элдик ашар жолу менен бүткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө каналдын жалпы узундугу 52,4 чакырымды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий