• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Омандын Султаны Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.04.24. /Кабар/. Омандын Султаны Хайсам бин Тарик президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Улуу урматтуу Сизге Орозо Айт майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жолдоо - биз үчүн чоң кубаныч. Ушундай жакшы нерселерге байланыштуу Алла Тааладан мусулман коомчулугуна ырайымы менен берекесин беришин тилейбиз”, - деп айтылат куттуктоодо.

Хайсам бин Тарик Садыр Жапаровго бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий