• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орозо адамзатты аруулукка, чыдамкайлыкка жана сабырдуулукка чакырат — Шакиев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Он эки айдын султаны аталган Орозо айы да жыйынтыкталып, бүгүн жалпы мусулман коомчулугу айт майрамын белгилейт. Адамзатты аруулукка, чыдамкайлыкка жана сабырдуулукка чакырган Орозонун башкы максаты таңдан кечке тамактануудан гана баш тартуу эмес, жан дүйнөнү аруулантып, асыл сапаттарга эгедер болуу экени баарыбызга белгилүү. Айрыкча, муктаждарга жардам колун узатып, кайрымдуулук кылуу да Орозодогу негизги милдеттердин бири болуп саналат. Ошондой эле кең пейилдик менен кечиримдүүлүк да куттуу айдагы ыйык парздардын катарын толуктайт. Албетте, 30 күндө жасаган жакшылыктарыбызды мындан ары да улантып, жаман адаттардан алыс болуу менен адамзатка таандык асыл сапаттарга умтулганда гана Орозодогу негизги максаттарыбызга жеткен болобуз.

Кадырлуу мекендештер!

Ислам динине жана жалпы мусулмандардын аброюна көлөкө түшүргөн коогалуу окуяларга каршы туруп, улуттар аралык достукту, мамлекеттер аралык биримдикти даңазалашыбыз керек. Бабалардан калган салттуу жөрөлгөлөрүбүздү унут калтырбай, Кыргызстан деген эгемен мамлекетибизди биргеликте өнүктүрүшүбүз зарыл. Андыктан, жаркыраган жазга туш келген Орозодо жаратылыш менен кошо жаңыланып, өнүгүүгө карай кадам шилтейли.

Дүйнөдө тынчтык орноп, Кыргызстаныбызда ийгиликтер арбый берсин! Үйүбүз жанга, өрүшүбүз малга, кампабыз данга, дасторконубуз нанга толсун!

Дагы бир жолу Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм.

Айтыңыздар маарек, кармаган Орозоңуздар кабыл болсун!"

Пикир

Оставить комментарий