• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунда 4300 га жер аянттан чегирткенин уюгу табылды

Аймак 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-апрелинде Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химизациялоо жана карантиндик коргоо департаменти Баткен облусунда зыянкеч чегирткелердин личинкаларын изилдөө иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сз кызматы билдирди.

Изилдөөнүн жыйынтыгында Баткен облусу боюнча – 5 миң 500 га жер аянт изилденип, анын ичинен – 4 миң 300 га аянт жерден чергирткенин уюгу табылып, химиялык дары-дармектерди колдонуу керектиги аныкталды.

Бүгүнкү күндө 2 миң 700 гектар жер аянт химиялык иштетүүдөн өттү. Анын ичинен Лейлек районунда 900 га, Кадамжай районунда 1 миң 600 га, Баткен районунда 200 га аянт жерлер микронер аппараттардын жардамы менен химиялык дары-дармектер колдонулду.

Зыяндуу чегирткелерге каршы жүргүзүлгөн химиялык иштөөдөн кийин Баткен регионалдык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан биологиялык эффективдүүлүгүн текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда чегирткелерге каршы күрөшүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий