• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад мэри оңдоло турган көчөлөр менен жеринде таанышты

Аймак 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков 2022-жылы оңдоло турган көчөлөр менен жеринде таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте, Барпы-Сейил көчөсүнүн Кур-Кура көчөсү менен кесилишкен жерине чейинки аралыгын кеңейтүү, Транспортный көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт төшөө, Шопоков көчөсүн кеңейтүү маселелерин жеринде талкуулап, бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий