• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөн районунун жер көчкү кооптуулугу бар аймагында изилдөө жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери Өзгөн районунда жер көчкүгө изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, адистер Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагындагы Жийде айлынын түштүк-батыш тарабында №5 жол тейлөө мекемесине тиешелүү жолдун болжол менен 25-чакырымында жер көчкү жаракалары пайда болгондуктан, изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Жер көчкүнүн активдешүүсүнүн белгилери байкалган тилке атайын инженердик шаймандар менен изилденип, жантайма рельефинин санариптик модели, ортофотопланы, аэросүрөттөрү алынды. Талаа жумуштарынан алынган материалдар колдонулуп, жер көчкүнүн өөрчүсүнүн, кыймылга келүүсүнүн болжолдуу симмуляциясы иштелип чыгат.

Жер көчкү жаракаларынын жылуусун так аныктоо максатында, жаракалардын айланасына атайын казыктар, белгилер орнотулуп, мезгил-мезгили менен жеринде казыктардын жылуусуна байкоолор жүргүзүлүп турат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү сунуштарды камтыган корутундулар атайын эскертме каттар даярдалып, тийиштүү тараптарга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, бул кооптуу аймакта жалпы 13 үй жана аймактагы Жол тейлөө мекемесинин карамагындагы унаа жолу жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий