• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек ара кызматы: Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдары чектеш аймактарда биргеликте кайгуул жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарындагы кырдаал эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө жана туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Чечме жерлигинде Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдары чектеш аймактарда биргеликте кайгуул жүргүзүп жатат.

Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Кыргыз Республикасынын Айдаркен багыты жана Өзбекстан Республикасынын Сох багыты боюнча чек ара өкүлдөрү эки тараптын укук коргоо органдары менен биргеликте мамлекеттик чек араны бузуу, чек ара чыр-чатактарын болтурбоо жана алардын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу боюнча иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий