• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

II Улуттук көчмөндөр оюндары Ош облусунда өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.09.19. /Кабар/. II Улуттук көчмөндөр оюндарын 2021-жылы өткөрүү эстафетасы Ош облусуна берилди. Белгилей кетсек, кечээ, 21-сентябрда Талас облусунда биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.

Талас облусундагы «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Эске салсак, Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында 8 улуттук түрү боюнча спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган. Кечээ жыйынтыктоочу салтанаттуу азем болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий