• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүттү экспорттоо 9 айдын жыйынтыгы боюнча 6 миң тоннага көбөйдү – Жумаканов

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча сүттү экспорттоо көбөйдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 9 айында 13 миң тонна сүт экспорттолсо, быйылкы жылдын ушул эле убагында бул сан 19 миң тоннага көбөйгөн.

“Балды экспорттоо үч эсеге көбөйдү. Негизинен бул өндүрүш Япония, АКШ, Сауд Арабия сыяктуу өлкөлөргө экспорттолот. Эт боюнча дагы өсүш байкалууда. Эгерде былтыр 600 тонна экспорттосок, быйыл бул көрсөткүч 1900 тоннага жетти”, - деди ал.

Импорттоочулардын эң негизги шарты продукциянын өндүрүш учурунан тарта көзөмөлдө болушун камсыздоо.

Пикир

Оставить комментарий