• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Лос-Анжелестеги кино фестивалда Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган тасма көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кечээ Лос-Анжелесте эл аралык Asian World Film Festival Азия кино фестивалы старт алды. Аталган кино фестиваль кыргыз режиссеру Садык-Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Иш-чарага келген конокторго Азия өлкөлөрүнөн 50гө жакын тасма көрсөтүлөт. Ошондой эле программанын алкагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган тасма сунушталат.

Эске сала кетсек, былтыр аталган кино фестивалга голливуд жылдызы Анжелина Жоли келип, өзүнүн тасмасын сунуштаган.

Asian World Film Festival расмий символу – илбирс. Статуэтка колодон жасалган, автору сүрөтчү- скульптор Нурлан Кебек уулу.

Фестиваль 1-ноябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий