• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземинен фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 22.09.19./Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-сентябрда, Талас облусундагы «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземине катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Көчмөндөр оюндары кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртып, улантып жатканын белгиледи.

Салтанаттуу аземде «Манас» эпосу боюнча театрлаштырылган оюн-зоок, баардык облустардан келген спортчулардын жана маданият өкүлдөрүнүн парады, концерттик программа көрсөтүлдү. Улуттук көчмөндөр оюндарын 2021-жылы өткөрүү эстафетасы Ош облусуна берилди.

Эске салсак, Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында 8 улуттук түрү боюнча спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган. Бүгүн жыйынтыктоочу салтанаттуу азем болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий