• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мамкызматкерлердин аттестация, сыноо мөөнөтүнөн өтүүсү боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Бишкекте 16-февралда Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында министрликтердин борбордук аппаратынын, административдик ведомстволордун жана аларга караштуу түзүмдөрдүн персоналды башкаруу кызматтарынын кызматкерлеринин катышуусунда семинар-кеңешме өткөрүлдү.

Семинардын максаты – мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бирдей колдонуу, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамды ишке ашырууда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациялоо, сыноо мөөнөтүнөн өтүүдө кызматтык териштирүүдө консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Семинардын катышуучулары аттестация, сыноо мөөнөтүнөн өтүү, кызматтык териштирүү процедуралары боюнча эң актуалдуу маселелерди көтөрүшүп, тиешелүү жоопторду алышты.

Семинар Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий