• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

23-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 23.11.22./Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 23-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл облусунда +7...+12, Талас облусунда +8...+13, Нарын облусунда +3...+8 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +12...+14 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий