• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 23.11.22./Кабар/. Ысык-Көлдө жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Билдирүүгө ылайык, күн мурун, 22-ноябрда саат 08:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Тоң районунун Ак-Сай, Эшперов, Төрт-Көл, Көк-Сай, Туура-Суу, Тогуз-Булак, Темир-Канат айылдарында 3 балл, Бөкөнбаев, Коңур-Өлөң айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий