• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан "Прокурорлор үчүн коррупцияга каршы кесиптик-психологиялык даярдоо" темасында тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы Жарлыгы менен бекитилген "2021-2024-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясынын" алкагында, прокуратура органдарынын кызматкерлерин коррупциялык укук бузууларга каршы күрөшүү жана коррупциялык жүрүм-турумга карата келишпестикти калыптандыруу максатында уюштурулду.

Анын катышуучулары коррупциялык жүрүм-турум психологиясы, коррупцияга таасир этүүчү саясий, экономикалык жана социалдык-психологиялык процесстер, коррупциялык кысым зонасында оппоненттердин психологиялык мүнөздөмөлөрүн колдонуунун натыйжалуулугу; коррупцияга каршы күрөшүүнүн атайын психологиялык методдору менен тааныштырылды.

Тренинг Европа Биримдигинин “Кыргызстандагы Мыйзамдын үстөмдүгүнүн - 2-фазасы” программасынын колдоосу менен, коррупцияга каршы билим берүү мектебинин эксперттери Н.Муканова жана Ч.Осмоналиеванын катышуусунда өттү.

Тренингдин аягында катышуучуларга сертификаттар берилди.

Пикир

Оставить комментарий