• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Белгилүү венгриялык бренд кыргыз балын өндүрүү экспедициясы тууралуу тасма тартты

Коом 0


Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Белгилүү венгриялык The Fulmer бренди кыргыз балы үчүн экспедиция тууралуу сонун тасма тартты. Аталган компания видеону өзүнүн сайтына жайгаштырган. Аталган компания видеону өзүнүн сайтына жайгаштырган.

Кыргызстандын тоолорунан чогултулган бал ушул бренд менен сатылат. Венгриялыктар аарыларга бал өндүрүү жана таза шарттарды түзүү үчүн тоо шалбааларын жана тунук сууларды издеп, жүздөгөн километр жол басып өтүштү.

“Биздин максат – көп жылдар мурда бал аарычылар өндүргөндөй эле: заманбап цивилизациядан алыс, абасы таза, чексиз гүл талаасында бал өндүрүү болчу”, - деп белгилешти компаниядан.

Компания Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна глэмпинг куруп, ал жерге бал челектерин орнотуп, дүйнөдөгү эң мыкты балды өндүргөн. Азыр алар өз продукциясын бүткүл Европага сатууда.

The Fulmer family 1929-жылы түптөлгөн жана ошондон бери негиздөөчү аталардын салтын улап, дүйнө жүзү боюнча балдын ар кандай сортторун издөө боюнча ар кандай экспедицияларды жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий