• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жаңы автобустар эмки жумадан тарта линияга чыгат. Айрым маршруткалардын "тагдыры" эмне болот?

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Каттамдарга жаңы автобустардын чыгышы менен Бишкектин борборунан №101, 113, 213 жана 214 маршруттук каттамдар алып салынды. Мэриядан ал маршруткалар кайсы каттамдар боюнча жүрө тургандыгын айтып беришти.

№101 маршрутка

№ 101 маршруттук каттамдын линиясы менен № 31 автобус каттайт. Буга байланыштуу № 101 маршруттук каттамдын жүрүү схемасы өзгөртүлөт.

№113 маршрутка

№113 маршруттук каттамдын линиясы менен № 35 автобус каттайт. Буга байланыштуу №113 маршруттук каттамды жабуу чечим кабыл алынды.

Өз кезегинде, №113 маршруттук каттамдын айдоочулар курамы үчүн №244 каттамдын схемасы даярдалды: (Учкун – 2 жаңы конушу - Интергельпо көчөсү), Жибек-Жолу проспекти Чыгыш автобекети, Батыш автобекети, ГКБ№1, Интергельпо көчөсү, Димитров көчөсү, Ю.Фучик көчөсү.

№213 маршрутка

№213 маршруттук каттамдын линиясы менен № 35 автобус каттайт. Буга байланыштуу №213 маршруттук каттамды жабуу чечим кабыл алынды.

№214 маршрутка

№214 маршруттук каттамдын линиясы менен № 48 автобус каттайт. Буга байланыштуу №214 маршруттук каттамды жабуу чечими кабыл алынды.

№214 маршруттук каттамдын айдоочулар курамы үчүн №245 маршруттук каттамдын схемасы иштелип чыкты: (Чыгыш автобекети - Бөкөнбаев көчөсү), Жаш Гвардия бульвары, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Күрөңкеев көчөсү, Осмонкул көчөсү, Фрунзе көчөсү, Ибраимов көчөсү.

"Кабар" агенттигине Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинен билдиришкендей, автобустар каттамга эмки жумадан тарта чыгары пландалууда. Учурда документтештирүү жана номерлерди алуу процедуралары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, БШКнын 2004-жылдын 9-июлундагы 244-токтомуна ылайык, чоң сыйымдуулуктагы жүргүнчүлөр транспортуна артыкчылык берилет.

Сыйымдуулугу чоң автобустар келгенде Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнөн жана проспектилеринен бошотуунун 2-этабы жүргүзүлөт.

Кошумча суроолор боюнча 0555103263 ,0502 205 202 телефондоруна кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий