• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Октябрь районунда таштандыны жеке компания чыгара баштады

Коом 0


Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунда таштандыны жеке компания чыгара баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Октябрь районунун акими Азамат Дороев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта таштандыны чыгаруу боюнча “Бишкек Втор Ресурс” компаниясы менен келишим түзүлгөн. Конкурска жалпысынан үч компания катышкан, бирок эки компанияда эки-үч гана унаасы болсо, “Бишкек Втор Ресурс” компаниясында 13 унаасы бар.

“Биз Бишкек мэриясы менен бирге таштандынын чыгарылбай калуу коркунучунан улам жеке компания менен иштөө чечимин чыгарганбыз. Районубузду мурда жеке компания тейлеп келсе, кийин алар өз ишин токтотуп, район “Тазалык” ишканасына кайтарылган. “Тазалыктын” техникалык жабдылышы начар болгондуктан муниципалдык ишканага кыйынчылык жаралат”, - деди Азамат Дороев.

Октябрь районунда таштандыны чыгарууга болгон тариф мурункудай эле бир адамга 41 сом төлөнөт. Ал эми пенсионерлерге 22,5 сом, чарбалык субъектилерге 1 куб үчүн 361 сомду түзөт. Жеке компанияга бюджеттен акча каражаты бөлүнбөйт.

Пикир

Оставить комментарий