• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстандын премьери дипмамилелердин 30 жылдыгына карата куттуктоо катын жөнөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү.

"Өткөн тарыхый мезгилде биздин өлкөлөр ортосундагы достук, жакшы коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара урматтоого негизделген байланыштар чыңдалып, өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыгыбыз бардык багыттар боюнча ырааттуу түрдө өнүгүп келе жатат. Биздин биргелешкен чечкиндүү аракетибиз аркылуу Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык байланыштары, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлор боюнча байланыштар мындан ары да бекемделет жана бир тууган элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн жигердүү өнүгөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий