• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дем алыш күндөрү Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. 18-19-ноябрда Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш кундөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.

"Жарманкенин максаты - атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү", - деп айтылат маалыматта.

Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.

Жарманкенин дареги: Биринчи май району, Киев, Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши. Саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий