• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында дыйкан-фермерлер үчүн окутуу семинары өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Ош шаарында жергиликтүү дыйкан-фермерлердин катышуусунда окутуу-семинары уюштурулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан "Ош облусунда жана Ош шарында аймактык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында өттү.

Долбоордун максаты Ош облусунда жана Ош шаарында тандалган секторлоруна максаттуу инвестициялар аркылуу аймактык экономикалык өнүгүүнү чыңдоодо бенефициарды колдоо болуп саналат.

Долбоордун “Айыл чарба продукцияларын жана кичи, орто ишканалардын жеткирип берүү чынжырчаларын чыңдоо” компонентинин алкагында айыл чарба тармагындагы кошумча нарк чынжырында иштеген, тандалган өндүрүмдүү өнөктөштүктүн катышуучулары үчүн максаттуу инвестицияны каржылоону камсыз кылат.

Иш-чарада насыя берүү шарттары, пайыздары, жеңилдетилген мөөнөттөрү боюнча дыйкандарга маалыматтар берилип, баяндамалар жасалды.

Каржылоону алуу үчүн айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативдери, фермерлер, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканасы, агро-соода жана логистикалык борборлор, айыл чарба кызматтарын көрсөтүүлөр жана айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр кайрылышса болот.

Каржылоо кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүгө салым кошкон ар бир өнөктөш үчүн өндүрүмдүү өнөктөштүктүн алкагында берилген айыл чарба товарларын, жабдууларды сатып алууга багытталат.

Долбоордун эсебинен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн, мал чарбачылыгынын, аарычылыктын, органикалык айыл чарбасынын алдыңкы ыкмаларына адистештирилген окутууларды уюштуруу, түшүмдүүлүктү, сапатты жогорулатуу боюнча окутуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо боюнча инновациялык технологияларды киргизүү, ошондой эле бизнес-пландарды даярдоо боюнча техникалык жардам көрсөтүлөт.

Долбоор боюнча кенен маалымат алуу үчүн төмөндөгү байланыш номерлери аркылуу маалымат алсаңыздар болот. Тел: 0500887001; 0755 88 70 00; 0770 88 70 00.

Пикир

Оставить комментарий