• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Базарбаев Швейцариянын элчиси менен кызматташтыктын келечегин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда "Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү" долбоору талкууланды, анын максаты жумушсуз жаштарды эмгек рыногунда талашка түшкөн кесиптер боюнча кыска мөөнөттүү квалификацияны жогорулатуу курстарынын жана аларды өлкө ичинде андан ары ишке орноштуруу системасын түзүү болуп саналат. Долбоор 12 жылга эсептелген, биринчи этабын ишке ашыруу үстүбүздөгү жылдын аягына чейин башталууга тийиш.

Министр белгилегендей, 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында мамлекет башчысы алган көндүмдөрдүн жана жумуш берүүчүлөр койгон талаптардын дал келбестигин жоюу милдетин койгон. Кыска мөөнөттө жумушсуз жаштарга, биринчи кезекте айыл жергесиндеги жаштарга квалификациялуу көндүмдөрдү алуу жана кайра квалификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн берүү маанилүү.

Ошондой эле Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда ишке киргизилип жаткан жумуштуулуктун жаңы механизмдери жөнүндө маалымдады.

"Бүгүн президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстанда жакырчылыкты жоюунун жаңы модели – БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан дүйнөдөгү эң натыйжалуу деп таанылган социалдык контракт ишке ашырылууда. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр дээрлик 13 миң бизнес-долбоорду ишке ашырышкан, мында социалдык контракт түзгөндөрдүн 95% аялдар түзөт. Бул долбоорлор 26 миңден ашык жумуш орундарын түзүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берди", - деди ал.

Бул жолугушуунун жана ачык диалогдун жыйынтыктары боюнча тараптар өлкөлөр ортосундагы мындан аркы кызматташуу үчүн талкууланган жана башка өз ара пайдалуу маселелерди иштеп чыгууга даяр экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий