• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто дагы бир мыйзамсыз курулуш аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Ошто дагы бир мыйзамсыз курулуш аныкталды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнүн 52 дарегинде У. Белекбаев аттуу жаран өз билемдик менен Ак-Буура дарыясынын жээгинде таш бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Тактоо учурунда, жер тилкеси Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагы болуп, курулушка тиешелүү архитектуралык уруксат иш кагаздары жок болуп чыкты.

Мындан улам, курулуш жүргүзүп жаткан жеке тарапка өз эсебинен бир күн аралыгында бузуп салуу милдеттендирилди.

Эгер белгиленген мөөнөттө курулуш бузулбаса, анда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бузулуп, калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий