• 87.59
  • 94.3
  • 1.08

Баткен шаарынан Ак-Сай айылына акысыз маршрутка каттай баштады

601 кароо Аймак 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Баткен шаарынан Ак-Сай айылына акысыз маршрутка каттай баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маршруттук каттам күн сайын эртең менен саат 08:40да Баткенден Аксай айылына, ал эми кечинде саат 17:00дө Аксай айылынан Баткен шаарына жөнөйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Аксай айылынын тургундары облус башчысына аталган маршрут боюнча каттам уюштуруу маселеси менен кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий