• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун жетекчиси алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтуна Мукталы Бектеналиев директор болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган институттун буга чейинки директору Жумамедель Иманкулов өз каалоосу менен кызматтан бошотулган.

Жаңы жетекчини маданият министри Алтынбек Максутов жамаатына тааныштырып, иштерине ийлигиктерди каалады.

Ошондой эле министри өз сөзүндө аталган институттун тарыхый-маданий мурастарды сактоодогу ролу чоң экендигин белгилеп, алдыда мамлекет тарабынан институтка тиешелүү акча каражаты жыл сайын бөлүнө турганын айтып, алдыда жасала турган иштер арбын экендигин белгиледи.

Ошондой эле министр, Кыргызстанда өзгөчө сакталууга, коргоолууга жана изилдөөгө алууга муктаж болгон тарыхый- маданий мурас обьекттери көп экенин, ошол эле мезгилде өлкөбүздө бул багытта иш алып барууга адисттердин таңкыстыгына кенен токтолуп, иштин кызыкчылыгы үчүн, учурда бар адистердин билими менен кесипкөйлүгүн натыйжалуу пайдалануу зарыл болуп турганын айтты.

Алтынбек Максутов "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун буга чейин жетектеп келген Жумамедель Иманкуловдун бул багытта тажрыйбасы мол экендигин белгилеп, эмгек жамааттан алыстабай бирге кызматташууга чакырды.

Ал эми жаңы жетекчи Мукталы Бектеналиевге алдыда маданий мурастарды сактоодогу мамлекеттик саясатты илгерилетүү үчүн жасай турган иштерди белгилеп, аны иш жүзүнө ашырууда институттун ролу маанилүү экендигин эске салып, алдыдагы жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту тарыхый-маданий мурас объекттерин жана алардын жанаша жаткан аймактарын изилдөө, долбоорлоо, реставрациялоо, регенерациялоо, реновациялоо, музейлештирүү, сактоо, коргоо, ошондой эле тарыхый-архитектуралык таяныч пландарын иштеп чыгуу, илимий изилдөөлөрдүн негизинде тарыхый шаарларды чөлкөмдөө, ошондой эле тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөлкөмдөрүн иштеп чыгуу боюнча башкы адистештирилген уюм болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий