• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар каржылык абалын дыкат көзөмөлдөп, сатып алууларды жакшылап ойлонушат — Карабаева

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан өзүнүн каражатын дыкат көзөмөлдөгөн адамдардын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турарын маалымдады.

"Бул 79%дан көбүрөөк. Ошондой эле 80%га жакыны сатып алуулары жөнүндө жакшылап ойлонушат, 90% өз убагында төлөмдөрдү төлөп, узак мөөнөттүү пландарды түзүшөт. Мындан тышкары, респонденттердин 74%ы дайыма аманат салып жатканын айтышкан", - деди ал.

Ошондой эле ал башка иликтөөгө ылайык кыргызстандыктардын пикири боюнча банкттарга аманат салуу жана мал сатып алуу каражат топтоонун эң эле коопсуз формасы экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий