• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргызстандыктардын электрондук капчыктардагы акчалары коргоого алынат — Букуев

Экономика 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. КР Аманаттарды коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аманаттарды коргоо программасына электрондук капчыктарды киргизүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда кабыл алууда турат.

"Парламент тарабынан жактырып, президент кол койгондон кийин мыйзам күчүнө киргенден соң жарандардын электрондук капчыктагы каражаттары башка аманаттар сыяктуу эле 1 млн сомго чейин корголот", - деди ал.

Букуев белгилегендей, жарандар электрондук капчыктарда 1 млн сомго чейин аз суммадагы акчаларды сакташат. "Электрондук капчыктарыңыздагы каражаттарыңыз башка депозиттер сыяктуу эле корголот", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий