• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 92,5 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-мартында өнөр жай продукциясынын көлөмү 92,5 миллиард сомду түздү, көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,6 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өсүш химиялык продукция (36,4 пайызга), фармацевтикалык продукция (19,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык иште (16,2 пайызга), негизги металлдар (13,6 пайызга), резина пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары (10,7 пайызга), , тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамекиге (тамеки 3,1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу (21,4 пайызга) менен шартталган.

Ал ошондой эле курулушта оң тенденциялар байкалгандыгын кошумчалады. Мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 2,4 пайызды, айыл чарбасында - 1,9 пайызды, дүң жана чекене соодада - 11,8 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий