• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүлөрүн салтанаттуу тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Ош эл аралык аэропортунда кадеттер арасында дзюдо боюнча Азия кубогунун күмүш медалынын 73 кг салмактагы жеңүүчүсү Нурмухаммед Муратов менен бул турнирдин +78 кг салмак боюнча коло медалынын ээси Акмаржан Турдажиеваны салтанаттуу тосуп алышты.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, ага шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана алардын жакындары катышты.

Салтанаттын алкагында шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери спортчуларды медалдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 6-9-апрелинде Алматы шаарында дзюдо боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия кубогу өткөн.

Пикир

Оставить комментарий