• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто жакында ипотекага берилчү төртүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат

Аймак 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Ош шаарында жакында ипотекага берилчү төртүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мэрия тарабынан ипотекалык негизде курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышып чыкты.

Бүгүнкү күндө 3 көп кабаттуу үй курулууда. Август айында алгачкы 80 батирлүү үй пайдаланууга берилет. Мэр курулуштун сапатын текшерип, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

“Өзүңүздөргө маалым болгондой Кыргызстанда биринчи жолу Ош шаарынын мэриясы ипотекалык негизде үйлөрдү кура баштаганбыз. Бүгүнкү күндө 3 көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Негизги максатыбыз мамлекеттик кызматта, муниципалдык кызматта иштеп жаткан жаш кызматкерлерибизге, турак-жайга муктаж болуп турган кызматкерлерди жеңилдетилген шартта үй менен камсыз кылуу. Август-сентябрь айларына биринчи үйдү тапшырабыз деп турабыз. Ипотекага кезекке турган жарандар да көп. Биз биринчиден мугалимдерибизге, дарыгерлерге, тазалыкта, зеленхоздо иштеген кызматкерлерге, соцкызматкерлерге, муктаждыгы бар шаар тургундарына квота бөлүп беребиз. Албетте бул боюнча атайын комиссия иш алып барат. Биринчи берилчү көп кабаттуу үй 80 батирлүү. Бардык шарты менен курулат. Автоунаа токтотуучу жай, балдар аянтчалары да каралган. Экинчи көп кабаттуу үй Достук кичи районуна курулуп жатат. 90 батирлүү. Бул көп кабаттуу үйдүн биринчи кабаты поликлиника болот. Шылтоо менен бул кичи шаарчадагы социалдык маселени да кошо чечип кетели деп чечкенбиз. Үчүнчү көп кабаттуу үй шаардын четиндеги Көкүм-Бий көчөсүнө 45 батирлүү болуп курулууда. 2022-жылдын жаз айларына курулушу бүтүп калат. Бул программа иштеп турса көпчүлүк жаштарга, муктаждыгы бар шаар тургундарына чоң жардам болот. 4% менен узак мөөнөткө берген жеңилдетилген ипотека бизде гана. Жакында дагы төртүнчү көп кабаттуу үйдү баштайбыз. Москва да бир күндө курулган эмес. Аз-аздан иш жасасак да чоң ийгиликтер жаралат. Негизги максат сапаттуу, арзан, женилдетилген шартта үй менен камсыздоо”, - деди шаар мэри.

Пикир

Оставить комментарий