• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн жамаатына тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Эмилбек Абдыкадыров жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мурдагы мэри. Ал 2022-жылдын 24-февралынан, 2023-жылдын 31-октябрына чейин мэрлик кызматты аркалады.

Пикир

Оставить комментарий