• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында азык-түлүктөрдү арзан баада сатуу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында азык-түлүктөрдү арзан баада сатуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын Курманбек көчөсү, 8 дарегинде 1-сорттогу ундун бир мүшөгү 1650 сомдон, өсүмдүк майынын беш литри 530 сомдон, кумшекердин кг 75 сомдон, уй эти 450 сомдон, картошканын кг 33 сомдон, пияздын кг 45 сомдон сатылууда.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базардын алдында ишемби жана жекшемби күндөрү жайма базар уюштурулууда. Бул күндөрү соодагерлерге акысыз соода жайы берилип, кардарларга арзан баадагы кийим-кече, керектелүүчү буюмдар сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий