• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл, Соң-Көлгө жана Орто-Токой суу сактагычына дээрлик 12 млн чабак кое берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. 6 айда өлкөнүн балык чарба суу сактагычтарына жалпы 11 млн 860 миң даана балык чабактары коё берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Ысык-Көл көлүнө - 7 млн 600 миң даана сига-лудога, Ысык-Көл форель-гегаркуни балыгынын 360 миң даана чабагы, Соң-Көл көлүнө - сига-лудога балыгынын 2 млн 900 миң даана чабагы жана Орто-Токой суу сактагычына сига-лудога балыгынын 1 млн чабагы кое берилди.

Ошондой эле III кварталдын башынан тартып Ысык-Көл көлүнө 7 млн 150 миң даана карп-сазан балыгынын личинкалары кое берилди.

Пикир

Оставить комментарий