• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө баллон теплоходго урунуп, эки адам көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө баллон теплоходго урунуп, эки адам көз жумду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө баллон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада, баллондо отурган үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген.

Белгиленгендей, жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ошол эле күнү көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий